Бишкек түркиялык компаниядан автобустарды сатып алууну көздөөдө

Бишкек түркиялык компаниядан автобустарды сатып алууну көздөөдө. Бул маселени калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров фирманын өкүлдөрү менен талкуулады. Ага ылайык, ордо калаага газ менен жүргөн 16 чоң автобус келээри күтүлүүдө.   Транспорт бардык коопсуздук талаптарына жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 адамды… Кененирээк…

Кыргызстанда эттин баасы арзандаганы байкалды

Кыргызстанда эттин баасы арзандаганы байкалды.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, кой этинин баасы дароо 9 сомго төмөндөдү. Эгер июнь айынын аягында эттин килограммы орто эсеп менен 590 сом болсо, 12-июлга карата баа 581 сомду түздү.   Уй этинин килограммы ай башынан бери 4,5 сомго… Кененирээк…

Францияда кийим-кечени оңдоп, кайрадан пайдалангандарга акча төлөнөт

Францияда кийим-кече жана бут кийимдерди оңдоп, кайрадан пайдалангандарга акча төлөнөт. Бул үчүн октябрдан тарта 6 евродон 25 еврого чейин компенсация бериле тургандыгы өкмөттүк программада каралган.   Демилге беш жылга созулат, ага 154 миллион евро бөлүнгөн.   Француз бийлигинин маалыматына ылайык, аталган өлкөдө жылына 700 миң… Кененирээк…

Улуттук банк онунчу ирет интервенция менен валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк онунчу ирет интервенция менен валюта рыногуна чыкты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бул жолу 43 миллион 555 миң доллар сатты.   Кошумчаласак, жыл башынан бери жөнгө салуучу орган улуттук валютаны колдоо үчүн 500 миллион 195 миң доллар саткан.   Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп… Кененирээк…

Баткендин Сүлүктү шаарына маданият борбору курулат

Баткендин Сүлүктү шаарына маданият борбору курулат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, облусту өнүктүрүү программасынын алкагында маданий борбор салууга 46 миллион сом бөлүү долбоору жактырылды.   Жылдын аягына чейин шаардык маданият бөлүмү, китепкана, музей жана искусство мектеби жаңы имаратка ээ болот, — деп айтылат… Кененирээк…

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» пайда болот

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр үчүн «Бродвей» пайда болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоор коомчулукка жакында сунушталат. Аны курууга Медеров көчөсүнөн баштап Абай көчөсүнө чейинки узундугу 500 метрден ашкан Гастелло көчөсү тандалып алынган.