Жайкысын курч ичеги инфекцияларына кабылуу күч алат

Жайкысын курч ичеги инфекцияларына кабылуу күч алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен эскертишкендей, өзгөчө жаш балдар жана иммунитети начар адамдар ооруга көп кабылат.

 

Инфекция жуктуруп албаш үчүн дарыгерлер жеке гигиенаны сактоого чакырат. Коомдук жайлардан кийин жана тамактанар алдында сөзсүз түрдө колду самындап жууш керек. Андан тышкары, мөмө-жемиштерди таза жууп, тамак-ашты бир гана муздаткычта сактоо сунушталат.