Ош шаарынын тургуну велосипед менен ажылык сапарга барып келди

Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат велосипед менен ажылык сапарга барып келди. Ал 2023-жылдын 4-майында ажылык сапарга аттанган.

 

Эрмахаммат Тожимахаммат Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди.

 

Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.