Бишкекте унаа жуучу жайларга коюлган чектөөлөр алынды

Бишкекте унаа жуучу жайлар, мончолор, бассейндер жана башка сууну көп талап кылган объекттердин иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алынды. Мэрия ишендиргендей, ордо калаада калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча абал турукташты.

 

Эске салсак, чектөөлөр суунун тартыштыгына байланыштуу июнь айынын башында киргизилген.