Быйыл Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет

Быйыл Ош облусунда 30 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелери заманбап болот.   Объекттер республикалык бюджеттен каржыланат жана жылдын аягына чейин каалгасын ачат.

Бишкектеги Элебесов көчөсү толугу менен жабылды

Бишкектеги Элебесов көчөсү, Дордой базарына баруучу жол капиталдык оңдоо иштерине толугу менен жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Муниципалитет унаа тыгындарын болтурбоо үчүн «Дордой» базарына жана Келечек, Ак-Бата конуштарына башка жол менен каттоону өтүнөт.   Белгилеп кетсек, буга чейин жолдун бул бөлүгүн оңдоо боюнча көп… Кененирээк…

Бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү жокко чыгарылды

Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен мамлекеттик сатып алууларда мындан ары тендер өткөрүлбөйт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган.   Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыкканы айтылат.