Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт

28-29-июлда республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Синоптиктердин айтымында, мындай коркунуч аба ырайынын туруксуз шарттарынан улам болушу мүмкүн.

 

Негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Жарандар жолдордо сак болушу шарт.