Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге камера тагыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай саамалык Ысык-Көл облусунан башталды, андан кийин камералар Чүйдөгү кызматкерлерге берилет. Анын алкагында кызматкерлердин ишин 24 саат бою көзөмөлгө алса болот.
Камералар бардык кыймыл-аракеттерди онлайн көрсөтүп турат жана видео-аудио жазуу форматында сакталып, ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө болот.