Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта күнүгө 10 сааттан жабылып баштайт

Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта күнүгө 10 сааттан жабылып баштайт. Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, мындай чектөө 6-августка чейин уланат.

 

Ага ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу унаалар түнкү саат 3төн тарта күндүзгү 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машинелер үчүн жол эртең мененки 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот. Бишкекти көздөй келе жаткан транспорттор болсо ушул эле убактарда Суусамыр өрөөнүндө токтотулат.

 

Мунун себеби Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.