Ошто жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды

Ош шаарындагы жаңы бала бакчанын курулушу дээрлик аяктап калды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 орунга чакталган.

 

Учурда курулуш иши 90 пайызга бүттү. Бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштар боюнча жумуштар жүрүүдө.

 

Иштер толугу менен август айында жыйынтыкталат деп күтүлүп жатат.