Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз адам арыз берди

Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн тогуз адам арыз берди. БШКнын соңку маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

 

Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Шайлоонун өзү 10-сентябрга белгиленген.

 

Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылган.