Калктын бактылуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргызстан эки позицияга көтөрүлдү. Жер институтунун жана Туруктуу өнүктүрүү борборунун жаңыланган маалыматтарына караганда, учурда биздин өлкө 62-орунда турат.
Алдыңкы үчтүк өзгөргөн жок: Финляндия, Дания жана Исландия. 137 өлкөнүн ичинен эң акыркы тизмеде Афганистан жайгашкан.
Коңшулар — Казакстан 44, Өзбекстан 54, Тажикстан 80-орунда.