Жыл башынан бери 330 миңге чукул чет өлкөлүк жаран каттоого турду

Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын чет өлкөлүк жаран каттоого турду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева.

 

Маалыматка ылайык, 60 күндүк каттоого турган чет элдик жарандардын көбү — мигранттар, студенттер жана туристтер.