Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот

Эми Кыргызстанга келген туристтер жана чет өлкөлүк жарандар онлайн каттоого турса болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева билдирди.

 

Маалыматка ылайык, чет элдиктер каттоого Калкты каттоо департаментинин сайты аркылуу тура алат.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 330 миңге жакын чет өлкөлүк жаран каттоого алынды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миңдей адамга көп.