Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат

Ички иштер министрлиги 100гө жакын жаңы кызматкер алат. Мекеме жетекчиси Улан Ниязбеков билдиргендей, анын алкагында жер-жерлерде тергөө кызматтарынын ишин жакшыртуу пландалууда.

 

Маалыматка ылайык, кошумча кызматкерлер министрликке экономикалык иштерди тергөө милдети берилгендиктен ишке алынат.

 

Эске салсак, буга чейин президент прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү укугун алып аны Ички иштер министрлиги менен УКМКга берүү мыйзамына кол койгон.