Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты

Австралиялык киши үйүнүн дубалдарынан адамдын 10 кг чачын тапты. Ар кандай түстөгү чачтар имараттын жылуулук изоляциясы үчүн материал катары колдонулган.

 

Көрсө, үйдүн мурунку кожоюну сулуулук салонунун ээси болгондуктан, курулуш материалдарын сатып алуудан үнөмдөөнү чечкен. Үйдүн чатырында дагы бир нече кап чач табылган.

 

Кырдаалдын күлкүлүү экенине карабай, азыркы үй ээси турак жайдан дагы эмнелер чыга калат деп тынчсызданып жатат.