Нарындагы Чкалов орто мектебине 3 кабаттуу, 500 орунга ылайыкталган кошумча корпус курулат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Нарын аймактык курулуш жана инженердик инфраструктура тарабынан жарыяланды.
Пландалган сумма дээрлик 178 млн сомду түзөт.