Ошто таза суу маселеси бир айда толук чечилет

Ошто таза суу маселеси бир айда толук чечилет. Бул тууралуу калаа башчы Бактыбек Жетигенов билдирди.

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-июлда Ош облусуна болгон жумушчу сапарында шаардагы ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушу менен таанышты.

 

Анда мамлекет башчы ишти тездетүү тапшырмасын берди. Өз кезегинде шаар мэри Бактыбек Жетигенов жумуштар 31-августка чейин аяктай турганын айтты.