Ошто өз ишинде өзгөчөлөнгөн куткаруучулар сыйланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында куткаруучуларды сыйлоо аземи өттү.   ӨКМден билдиришкендей, эмгегинде түрдүү ыңгайсыздыктар жана кыйынчылыктарга туруштук берүүдө өзгөчөлөнгөн куткаруучуларга стимул жана ыраазычылык иретинде грамота, медаль жана кезектеги аскердик наам ыйгарылды.   Иш-чара 1-июль — өлкө куткаруучуларынын кесиптик майрамына карата өткөрүлдү.

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды

Тамчы аэропорту Алмата шаарынан алгачкы каттамды кабыл алды. “Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, Алмата-Тамчы-Алмата каттамы аптасына эки ирет – жума жана дүйшөмбү күндөрү аткарылат.   Багыт туристтик болуп жайдын аягына чейин каттайт

Дарыгерлердин айлыгы жогорулашы күтүлөт

Айлык акыны жакынкы жылдары көбөйтүлөрүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Бишкекте медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.   Ал жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланып, медициналык жабдуулар модернизациялана турганын, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынарын айтты.   Анын айтымында, 2021-жылдын… Кененирээк…