Сак болуңуз! Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет! Катуу шамал учурунда: — Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз; —… Кененирээк…

Израилде алма чогултууга ылайыкталган робот чыгарылды

Израилде алма чогултууга ылайыкталган робот чыгарылды.   Жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыккан жаңы технология автоматтык режимде бышкан алмаларды аныктап, алардагы курттарды жана кумшекердин деңгээлин текшере алат.   Робот фермерлерге жардам берип, айыл-чарба иштери кызып жаткан учурда өтө пайдалуу  болот дешет ойлоп табуучулар.

Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот

Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот. 100 орундуу  объект Жумгал районунун Лама айылында жайгашат. Тендерди облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.   Бул максатта 80 миллион сом бөлүнөт. Окуу корпусунан тышкары мектепте футбол, баскетбол жана волейбол аянттары каралат.

Ысык-Көлдө желим буюмдарды колдонууга каршы кампания уюштурулду

1-июлда Балыкчы шаарында «Ысык-Көлдү сактайлы» деп аталган маалыматтык кампания өттү. Иш-чара желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү жайылтууну көздөйт.   Анда сүйлөгөн сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасыеые орун басары Бакыт Төрөбаев желимден жасалган буюм-тайымдарды колдонбоого чакырды. “Керемет жерибиз болгон Ысык-Көлүбүз дүйнө эли суктана… Кененирээк…

Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат иштеп баштады

Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу аппарат иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. “Автоураган” программалык стационардык аппараты туристтик сезондо жол кырсыктарын алдын алууга жана коопсуздукту жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.   Комплекс издөөдө жүргөн унааларды, айыптарды төлөбөй жүргөндөрдү, каттоосу токтотулган унааларды аныктай алат.… Кененирээк…

Коммерциялык банктарга сыртка АКШ долларын алып чыгууга убактылуу уруксат берилди

Коммерциялык банктарга сыртка АКШ долларын алып чыгууга убактылуу уруксат берилди. Тиешелүү документ Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Ага ылайык, коммерциялык банктар, акча алмаштыруу жайлары, микрокаржылык уюмдар 15-сентябрга чейин долларды накталай алып чыкса болот.   Чыгарылган накталай акча өлкөдөгү коммерциялык банктардын эсебине нак эмес түрдө кайтарылышы шарт.… Кененирээк…

Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында 3-июлда жарык өчөт

Борбор калаанын бир катар аймактарында 3-июль күнү жарык өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-17:00 — Ала-Тоо-1 жана Киргизия конуштарында; 9:30-15:00 — Салам-Алик, Эркин-Сай (Манас көчөсүндөгү № 112-126 үйлөр, Көк-Сай көчөсү) конуштарында; 9:30-18:00 — 5-кичи райондо (№… Кененирээк…

Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри келди

Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.   Аны КРдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чакырган. Сапардын алкагында министрлер менен сүйлөшүүлөр, президент Садыр Жапаров, ЖК төрагасы Нурлан Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен… Кененирээк…

“Акылман” президенттик лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт

Президенттик «Акылман» лицейи эки айдан кийин иштеп баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Министр учурда куруучулар ыкчам иштеп жатышкандыгын билдирди. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктын негизинде Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик адистештирилген жалпы билим… Кененирээк…

«Ысык-Көл» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу старт алды

Президент Садыр Жапаров Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди. Мамлекет башчынын маалымат кызматы бүгүн, 1-июлда, Садыр Жапаров имараттын курулушунун башталышына капсула салганын билдирди. Долбоорго ылайык, аэробекет ABC Tу-154, Tу-204, Boeing 737, Boeing 757, Airbus A319, A320, A321, BAE 146-200, Embraer… Кененирээк…