Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу өзгөрдү. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, «Торугарт» жана «Эркечтам» пункттары 6-августтан тарта жумасына жети күн бою эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт. Жети күн бою тең жүк ташыган машиналар өткөрүлөт.

 

Ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (дем алыштан башка күндөрү) туристтерге, жеңил унааларга жана жөө адамдарга өтүүгө уруксат берилет.

 

Ишемби жана жекшемби күндөрү жүк ташыган гана машинелер өтө алат.

 

Мындай режим 30-сентябрга чейин уланат.