Япония Кыргызстандагы 10 бейтапканага медициналык жабдууларды берет

Япония Кыргызстандагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, гранттык негизде бериле турган техника Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга орнотулат. 7,5 млн долларлык диагностикалык жабдуулар 2024-жылдын аягында келиши күтүлүүдө.