Бүгүн ЖОЖдорго абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун IV туру башталды

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуунун буга чейинки I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынды.

 

Арыздарды жана документтерди “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасына тапшыруу керек. Кабыл алуу эртең мененки саат 8де башталып, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.