Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды

Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, таймашта ал венгриялык балбандар Золтан Левай менен Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.

 

Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону, 27 жаштагы Россия чемпионатынын коло байге ээси Адлет Тюлюбаевди утту.