Тажикстандагы жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Тажикстандын Куляб шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

 

Кечээ, 6-августта кечки саат 7лер чамасында Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташыган унаа жол четиндеги эки үйдү, бир канча жеңил унааны сүзүп кеткен.

 

Душанбе-Куляб-Хорог жолундагы «Сомони» базарынын тушунда болгон кырсыкта 14 адам каза тапкан. Жергиликтүү саламаттык сактоо бөлүмү мүрт кеткендердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.