Бишкекте балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоодон өтүүдө маселе жаралган ата-энелердин арызын атайын комиссия карайт

Бишкекте балдарын 1-класска берүү үчүн электрондук каттоодон өтүүдө маселе жаралган ата-энелердин арызын атайын комиссия карайт.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, курамында билим берүү борборунун, акимчиликтердин, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун өкүлдөрү бар.

 

Алар ата-энелерден түшкөн 1 миңден ашык арызды карап, тиешелүү чечим кабыл алат. Эске салсак, мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталган.