Британиялык окумуштуулар аялдар үчүн жалгыздык пайдалуу деп жарыялашты. Адистердин айтымында, күйөөсү жана балдары жок айымдар бактылуураак жана узак өмүр сүрөт.
Ал эми үй-бүлөсү бар аялдардын арасында психикалык жана башка ооруларга чалдыгып, жашоосуна нааразы болгондор көбүрөөк. Ал эми эркектер тууралуу айта турган болсок, үй-бүлөлүү мырзалардын жашоосу бойдоктордукуна салыштырмалуу, артыкчылыктарга бай, — деп жазат The Guardian.