Бишкекте кийинки жумадан тарта автобус-троллейбустарда накталай төлөм алынбайт

Бишкекте кийинки жумадан тарта автобус-троллейбустарда накталай төлөм алынбайт. Мэриядан эске салышкандай, жол кирени жүргүнчүлөр “Тулпар” карталары менен төлөй алат.   Анын 3 түрү сунушталат, стандарттуу көк карта – бардык каалоочуларга жеткиликтүү, жашыл карталар – окуучуларга берилет, ал эми кызыл карталар менен пенсионерлер жана майыптыгы бар… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында мигранттар өлкөгө 163,5 миллион доллар которду.   Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, дээрлик 48,5 пайызга аз. Анда Кыргызстанга 317 миллион доллардан ашык которулган болчу. Жөнөтүлгөн сумманын 91 пайызы Россияга туура… Кененирээк…

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 17-19-июль күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын суу маселеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.  Анда казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигин, мындан улам Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын… Кененирээк…

Жарым жылда Кыргызстан 2 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын импорттоду

Жарым жылда Кыргызстан Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2 миллиард кВт сааттан ашык электр энергиясын 5 миллиард сомго жакын сатып алды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.   Белгиленгендей, Кыргызстан эң көп Түркмөнстандан — 1 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын 2,6 миллиард сомго сатып алган.… Кененирээк…

Быйыл Бишкектеги 11 жаңы конушка газ жеткирилет

Быйыл Бишкектеги 11 жаңы конушка газ жеткирилет. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда “Төкөлдөш”, “Ак-Тилек-2”, “Ак-Тилек-Турбаза” жана “Ала-Арча” жаңы конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.   Ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка жана Селекционное айылдарында да иштер башталды.   Жакында “Бакай-Ата”,… Кененирээк…

Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру башталды

Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун бешинчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал 16-августка чейин уланат.   Жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган системасы аркылуу жүргүзүлөт.   Окууга өткөндөрдүн тизмеси 21-августтан 23-августка чейин илинет.  

Мыкты мугалимдер жыл сайын аныкталат

Кыргызстанда жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактары өткөрүлөт. Ага предметтик мугалимдер, башталгыч класстардын педагогдору, тарбиячылар, методисттер жана музыкалык жетекчилер катыша алышат.   Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 5-октябрь Эл аралык мугалимдер күнүндө тапшырылат. Сыйлыкты бир эле адамга кайра-кайра ыйгарууга жол берилбейт.   Мелдештерди өткөрүүгө… Кененирээк…

Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйүшү мүмкүн

2100-жылга карата Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйүшү керек. Мындай божомолдорду Бириккен Улуттар Уюмунун аналитиктери дүйнө өлкөлөрүндөгү калктын санынын өзгөрүшү боюнча баяндамасында жарыялашты.   Постсоветтик өлкөлөр ичинен Тажикстан калктын санынын өсүшү боюнча лидер болушу күтүлүүдө, ал жакта тургундардын саны жакынкы 79 жылда 172 пайызга өсөт.  … Кененирээк…

Азия өнүктүрүү банкы сомдун куну түшөрүн болжолдоодо

Азия өнүктүрүү банкы рублдин алсызданышына байланыштуу быйыл сомдун куну түшөрүн болжолдоодо. Каржы мекемесинин адистеринин айтымында, валюта курсунун туруксуздугун ооздуктоо үчүн Улуттук банк узак мөөнөттүү интервенцияларды жүргүзөт.   Ошондой эле, орус рублинин долларга карата алсыздануусунун фонунда кыргыз сомунун ыктымал болгон арзандашы 2023-2024-жылдары тышкы карыздын ИДПга карата… Кененирээк…

Аламүдүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.   Бул жерде жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтары көрсөтүлөт.   Жыл башынан бери «Унаа» мекемеси тарабынан республиканын аймактарында 4… Кененирээк…