Бишкекте дагы 23 көчөнүн тротуары капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Тизме

Бишкекте көчөлөрдүн дагы 23 бөлүгүндө тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

 

Маалым болгондой, шаар мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен 2023-жылга карата тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмесине борбордук дагы 23 көчөсү кошулду.

 

Бүгүнкү күндө эски асфальтын сыйруу иштери 3 көчөдө башталды:

— Уметалиев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Чүй проспектисинде Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
— Медеров көчөсүндө Ж. Пудовкин көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Ошондой эле жакын арада төмөнкү жолдордогу тротуарларды капиталдык оңдоону баштоо пландаштырылууда:

— Л. Толстой көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
— Л. Толстой көчөсүндө М. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
— Москва көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
— Токтогул көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
— Киев көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
— Фрунзе көчөсүндө Ж. Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин;
— Ибраимов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Шопоков көчөсүндө Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
— Абдрахманов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин (батыш тарабы);
— Эркиндик бульварында Жибек-Жолу проспектисинен Абдымомунов №3 чейин (батыш тарабы);
— Панфилов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Логвиненко көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Тоголок Молдо көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
— Исанов көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Калык Акиев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Л. Толстой көчөсүнө чейин;
— Кулатов көчөсүндө Ибраимов көчөсүнөн Кара-Көл көчөсүнө чейин;
— Жантөшев көчөсүндө Ж. Пудовкин көчөсүнөн Б. Баатыр көчөсүнө чейин;
— Ж. Пудовкин көчөсүндө Л. Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
— Абай көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин (батыш тарабы);
— Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейин.