Telegram мессенжеринде  stories функциясы эми бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот

Telegram мессенжеринде  stories функциясы эми бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Павел Дуров жарыялады. Мындай мүмкүнчүлүк тиркеменин 10 жылдыгына карата берилди.

 

Учурда аталган мессенжерди 800 миллиондон ашык адам колдонот. Белгилеп кетсек, буга чейин stories функциясы премиум катталуучуларга гана жеткиликтүү болчу.