Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн 2 жума калды

Кыймылсыз мүлк, транспорт жана жер тилкесине салык төлөө үчүн 2 жума калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, мөөнөт 1-сентябрда аяктайт.

 

Буга байланыштуу, ведомство жарандарды акыркы күнгө калтырбай, эртелеп салыктарды төлөөгө чакырат. Эске салсак, августтун аягына чейин транспорт каражатына, жеке турак-жайларга, батирлерге жана жерге салык төгүш керек. Кечиккендерге 5 миң сомго чейин айып салынат.