Бишкектин бир бөлүгү 16-августта суусуз калат

16-август күнү Бишкектин бир бөлүгү суусуз кала турганын мэрия билдирди.
Саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месарош, Фучик, Профсоюз көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектинин чектешкен аймагына суу берилбейт. Мындай жагдай Тверь көчөсүндөгү абоненттерди жаңы суу түтүк линиясына кошуу аракетинен улам жаралууда.
«Бишкек суу канал» келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундардан сууну даярдап алууну өтүнгөн.