Кыргызстанда бал челектерди идентификациядан өткөрүү уланууда

Кыргызстанда бал челектерди идентификациядан өткөрүү уланууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 1 миң 282 аары чарбасында 84 миңдей бал челек каттоодон өттү.

 

Анын 81 миңи Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасына киргизилди. Кыргызстандан бал негизинен АКШ, Кытай, Катар, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Түркия, Россия жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.