Караколдо шаардын жаңы генералдык планы иштелип чыгат

Караколдо шаардын жаңы генералдык планы иштелип чыгат. Тиешелүү кызматтарды аткарууга жана топографиялык материалдарды даярдоого сынакты шаардык мүлк башкаруу кызматы жарыялады.

 

Бул максаттарга 18 миллион сом жумшалат. Долбоордун аймагына ошондой эле жакынкы Челпек, Черик, Бөрү-Таш, Жаңы-Арык, Жол-Колот жана Маман айылдары кирет.