Кемин районунун Ильич айылында жаңы бала бакча пайда болот

Кемин районунун Ильич айылында жаңы бала бакча пайда болот. Курулушка тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна 122 миллион 800 миң сомдон ашык бөлүнөт.

 

Арыздар 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Белгилеп кетсек, буга чейин Ильич айылында бала бакча болгон эмес.