Кыргызстанда суютулган газга болгон салык ставкасы жогорулады. Тоннасына 3 миң сомду түзөт

Кыргызстанда суютулган газга болгон салык ставкасы жогорулады. Тоннасына 3 миң сомду түзөт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кеп унаалар отун катары колдонуп келген газ тууралуу болуп жатат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, суютулган газды өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдуулугун эске алуу керек.

 

Ал эми Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов өз кезегинде белгилегендей, буга чейин аталган отунга нөлдүк ставка күчүндө болчу. Буга байланыштуу, эми автогаз литрине болжол менен 1 сом 80 тыйынга кымбаттайт.