Кыргызстан мектептеринде биринчи класска 123 миңден ашык бала кабыл алынды

Кыргызстан мектептеринде биринчи класска 123 миңден ашык бала кабыл алынды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерде дагы 63 миңдей бош орун бар.

 

Бул жалпы көрсөткүчтүн 40 пайызын түзөт. Эске салсак, балдарды биринчи класска кабыл алуу электрондук кезек аркылуу апрель айында башталган. Ал 31-августка чейин уланат.