Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1,5 пайызга өсүп, 5 миллиард 739 миллион долларды түздү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 1,5 пайызга өсүп, 5 миллиард 739 миллион долларды түздү. Июль айынын соңуна карата маалымат менен Каржы министрлиги бөлүштү.

 

2023-жылдын биринчи кварталынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы 116 миллион долларга аз болчу. Бересенин 4,5 миллиарды тышкы карыз. Ал эми ички бересе 1 миллиард 245 миллион долларды түзөт.