Чүй облусунда жаңы окуу жылына карата 7 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунда төрт мектеп ачылса, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондорунда бирден билим берүү мекемеси даярдалууда.
Мектептердин эң чаканы 150 орундуу болсо, эң чоңу 500 окуучуну батырат.