Бүгүн Чолпон-Атада эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы башталат

Бүгүн, 18-августта Чолпон -Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын III эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багытталган ири фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк… Кененирээк…

Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.   Ал коло үчүн беттеште түркиялык балбан менен беттешип, жеңишке жетти.

Жыл аягына чейин Баткен облусунда 10 мектептин курулушу бүткөрүлөт

Жыл аягына чейин Баткен облусунда 10 мектептин курулушу бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди   Ал белгилегендей, учурда курулуш кызуу жүрүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы иштен кетти

Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу Тайлков өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.   Ал белгилегендей, кызматтан кетүү боюнча арызын 14-августта жазган. Ал ошондой эле билдирүүсүндө ведомстводо аткарган иштери тууралуу да айткан.   Эске салсак, Тайлаков 2022-жылдын февралында… Кененирээк…

Каракол шаарынын башкы планын түзүүгө 18 млн сом сарпталат

Каракол шаарынын башкы планы түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы башкы планды иштеп чыгуу жана шаардын топографиялык сүрөттөрүн даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыялады. Бул максаттарга 18 млн 229 миң 43 сом сарптоо пландалууда.… Кененирээк…

Кыргызстан дээрлик 16 миң тонна помидор импорттоду

Кыргызстан быйыл январь-июнь айларында 15 миң 708,1 тонна помидор импорттогон. Ал 8 млн 829,3 миң долларды түздү, — деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.   Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч 3,7 миң тоннага азайган.   Помидордун көбү Түркмөнстандан (6,2 млн долларга 10 миң 357 тонна) жана… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Польшада мыйзамдуу ишке орношо алат

Кыргызстандыктарга Польшада мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган министрликке караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Польшанын “Eurokadra Group” агенттиги ишке орноштуруу боюнча келишимге кол койду.   “Биздин жарандар өндүрүш, коомдук тамактануу, курулуш… Кененирээк…

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, силкинүү кечээ, 17-август күнү саат 19:54дө болгон.   Жер титирөө Сузак районунун Октябрь, Жерге-Тал айылдарында — 4,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Кара-Чолок айылында — 4 балл, Жалал-Абад шаарында —… Кененирээк…

Баткендеги 80ден ашык айылда таза суу жок

Баткен облусунда 191 айыл-кыштак болсо, анын 83үндө ичкенге таза суу жок. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө таянып, “Азаттык” жазды.   Маалыматка ылайык, жакын арада таза суу тартуу үчүн 20 айылда иш жүрүп жатат.   Ал эми Кыргызстан боюнча 1 миң 14 айылда… Кененирээк…