Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте уюштурула турган иш-чаралар белгилүү болду

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте уюштурула турган иш-чаралар белгилүү болду. Мэриядан билдиришкендей, 31-август күнү күндүз шаардын бардык райондорунда түрдүү сынактар, спорттук оюндар, көргөзмө-жарманкелер өткөрүлөт.

 

Ал эми кечки саат 7де борбордук Ала-Тоо аянтында жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерт уюштурулат.

 

Ошондой эле, Эгемендүүлүк күнүнө карата билим берүү уюмдарында стенддер орнотулат, класстык сааттар өткөрүлөт. Балдардын чыгармачылык борборлорунда “Мекеним менин Кыргызстан!” деген темада концерттик программалар жана мастер-класстар болот.