Казак тарап Кыргызстандан жүк ташуучу унааларды өткөрүүнү көбөйткөнү кабарланды. Буга чейин саатына 2-3төн машине өткөрүлүп жатса, учурда алардын саны 8-9га жетти, — дешти Евразия экономикалык комиссиясы.
Эске салсак, кечээ ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында Евразиялык экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекектиндеги абал менен жеринен таанышкан.
Жагдай мындан ары да көзөмөлдөнөрү белгиленди.