Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар аталды

Кыргызстанда эң көп коюлган ысымдар аталды.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жыл башынан бери төрөлгөн ымыркайлардын саны жана популярдуу аттар тууралуу айтып берди.

 

Маалыматка ылайык, 1-августка карата Кыргызстанда 83 миң 804 бала төрөлгөн.

 

Ал эми өткөн 8 айда кыздар арасында Салиха – 2 миң 262 жолу коюлган, балдарга болсо Мухаммад деген ысым – 3 миң 346 жолу берилген.