Өзбекстанга 1-сентябрдан тарта ID-карт менен кирсе болот

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга, ал эми өзбекстандыктар Кыргызстанга ID-карт менен кире алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл май айында жактырган.

 

Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен Россияга ID-карт менен бара алышат.