Индия экономикасы боюнча дүйнөдө экинчи мамлекетке айланышы мүмкүн

Жарым кылымдан кийин Индия экономикасы боюнча дүйнөдө экинчи мамлекет болот.

 

2075-жылга чейин Индиянын экономикасы Япония менен Германияны гана эмес, АКШны да басып өтөт. Мындай божомолду дүйнөдөгү эң ири инвестициялык банктардын бири Го́лдман Сакстын аналитиктери жасады.

 

Бүгүнкү күндө Индия ИДПнын көлөмү боюнча бешинчи орунда турат.

 

Өлкөнү алдыңкы катарга чыгарууга калктын көбөйүшү гана эмес, технологиянын өнүгүшү, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы да жардам берет деп күтүлүүдө.