Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун бир тилкеси убактылуу жабылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесине таш кулап, трасса убактылуу жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, таштын көлөмү 5 миң м3 түзөт.

 

Белгиленгендей, эч кандай кырсык катталган жок. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.