Ош: Кара-Сууда заманбап 17 аялдама курулат

Кара-Суу шаарында заманбап 17 аялдама курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда эски аялдамаларды бузуу менен биргеликте мыйзамсыз курулуштардан арылуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Бул чара ири энергетикалык объектилерге жер берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана аларды курууну тездетүү максатында кабыл алынган.   Мындан тышкары, эми энергетика компаниялары жабдууларды тендерсиз эле бир булактан сатып ала алышат.   Республикада жети ири гидроэлектростанция… Кененирээк…

Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн 12 адам арыз берди

Бишкектин Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн 12 адам арыз берди. БШКнын соңку маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.   Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген.   Бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт… Кененирээк…

«Социалдык келишим» долбоору: ийгиликке жеткендер курултайга чогулат

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында ийгиликке жеткен жарандар Бишкекте курултайга чогулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, республикалык деңгээлдеги иш-чара сентябрь айында өтөт.   Учурда жер-жерлерде аймактык курултайлар өткөрүлүп жатат жана анда тандалган делегаттар «Жаңы кадам» деп аталган съездге чакырылат.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө… Кененирээк…