«Социалдык келишим» долбоору: ийгиликке жеткендер курултайга чогулат

«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында ийгиликке жеткен жарандар Бишкекте курултайга чогулат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, республикалык деңгээлдеги иш-чара сентябрь айында өтөт.

 

Учурда жер-жерлерде аймактык курултайлар өткөрүлүп жатат жана анда тандалган делегаттар «Жаңы кадам» деп аталган съездге чакырылат.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпысынан 13 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. «Социалдык келишим» түзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү же 95 пайызы аялдар.