Оштогу ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Ош шаарында ресторандан чыккан ири өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн чыгып келүү себептери жана чыгымдары такталууда.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан өрт чыккандыгы, саат 12:05те чектөөгө алынгандыгы маалымдалган.