Ордо калаанын Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот

Ордо калаанын Ак-Бата конушунда жаңы мектеп пайда болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, курулушка капсула салынды. Билим берүү мекемеси 1 гектардан ашык жерде жайгашып, 650 окуучуга чакталат.   Анда окуу класстарынан тышкары ашкана, спорт, музыкалык, конференц залдар жана стоматологиялык кабинет каралган.

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя  7 миң 200дөн ашуун дыйканга берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя  7 миң 200дөн ашуун дыйканга берилди. 1-сентябрга карата берилген насыянын жалпы суммасы 3 миллиард сомдон ашты.   Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, насыянын жарымынан көбү мал чарбачылык категориясы боюнча берилген. Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер башка борбордук көчөлөрдө дагы пайда болот

Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер башка борбордук көчөлөрдө дагы пайда болот.   “Жол транспорт инфраструктурасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, экинчи этапта Байтик баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аймакта, андан кийин Жибек Жолунда, Профсоюз көчөсүндө, Чүй проспектисинде атайын тилкелер түшүрүлөт.   Ал эми учурда Токомбаев… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү башталды

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү башталды.   “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевдин айтымында, ордо калаанын жылуулук-электр борборуна күзгү-кышкы сезонго 1 миллион 200 миң тонна кара отун керектелет.   Ал эми республика боюнча жалпы керектөө 2 миллион 700 миң тоннадан ашат. Жакынкы арада Казакстандан 550… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болот. Ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Жарандарга бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды ачык аянттарга гана токтотуу керек.

Республиканын ар бир мектебине бирден жол инспектору бекитилди

Республиканын ар бир мектебине бирден жол инспектору бекитилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алар билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун сакташат.   Ведомство сентябрда кыймыл кескин өскөндүгүн эскертип, жарандарды жол эрежелерин сактоого чакырат. Ата-энелерге болсо башталгыч класстардагы балдарын мектепке коштоп баруу сунушталат.

Бишкекте коомдук транспорттун тилкеси менен атайын кызматтардын унаалары дагы жүрө алат

Бишкекте коомдук транспорттун тилкеси менен атайын кызматтардын унаалары дагы жүрө алат.   “Жол транспорт инфраструктурасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, автобус, троллейбус, маршруттук таксилерден тышкары бөлүнгөн тилке менен Тез жардамдын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, “Тазалык” жана “Жашыл чарба” ишканаларынын унаалары жүрсө болот.   Эске салсак, Бишкекте коомдук транспорт… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өткөрүү түйүнү ишин жандантты. Чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп Ош облусундагы “Кара-Багыш” жана Жалал-Абаддагы “Бек-Абад” пункттары тууралуу болуп жатат.   “Кара-Багыш” аркылуу Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары гана, унаасыз, жөө өтө алышат. Ал эми “Бек-Абад” түйүнү аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары дагы, жеңил… Кененирээк…

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров камакка алынды. Мындай чечим  2-сентябрда борбордун Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.   “2023-жылдын 2-сентябрында КР ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. М.А.К.га карата (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) 2023-жылдын 24-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы… Кененирээк…

Ош базары шаардын сыртына которулат

Бишкектеги Ош базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырылат. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 2-сентябрда коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелерин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маселелер кийинки жылдын жаз айларына барып чечилет. «Бул дагы шаардагы тыгын маселесине байланыштуу. Шаарга 900… Кененирээк…