Коомдук транспорттогу жол кирени жогорулатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү

Бишкекте коомдук транспорттогу жол кирени жогорулатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу Novosti.kgге транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда бул боюнча талкуу жана сунуштарды угуу жүрүп жатат. Мунун баары бир айга созулуп, андан кийин конкреттүү цифралар көрсөтүлгөн документтин долбоору жарыяланат деп күтүлүүдө.